Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу визит менен Россия Федерациясына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-декабрда жумушчу визит менен Россия Федерациясынын  Санкт-Петербург шаарына  учуп кетти.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук келишим  уюмунун кеӊешинин бейформалдуу сессиясына катышат.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин саммитинде бирикменин учурдагы маселелери жана мындан ары өнүктүрүү приориттери талкууланат.

ЖККУ кеӊешининин жыйынында эл аралык жана региондук күн тартибинин олуттуу маселелери боюнча пикир алмашуулар каралган. 

2016-жыл 26-декабрь