Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар курамдагы отурумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-декабрда, Россия Федерациясынын  Санкт-Петербург шаарына жумушчу визитинин алкагында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар курамдагы отурумуна катышты.

Россия Федерациясынын  Президенти Владимир Путин ЖККУга мүчө мамлекеттер башчылары менен жылуу учурашып, протоколдук сүрөткө түшүүдөн соң жолугушуунун катышуучулары тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү .

Отурумду ачып жатып, Россия Федерациясынын  Президенти Владимир Путин быйыл Евразия экономикалык биримдигине эки жыл толот деп белгиледи, ошондуктан бул мезгил аралыгында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, евразиялык интеграциянын болочогу жөнүндө пикир алмашууга жакшы шылтоо бар экенин айтты. Анын айтымында, ЕАЭБ түзүү процессинде алгылыктуу ийгиликтерге жетишилди, Дүйнөлүк соода уюмунун универсалдуу принциптерине негизделген өз ара макулдашылган эрежелерге ылайык иштеген жалпы рынок түзүлдү, өз ара сооданын көрсөткүчтөрү да өстү, товарлардын, жумушчу күчтөрдүн жана капиталдын эркин жүгүрүшүнө бөгөт болгон тоскоолдуктар акырындап жоюлууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев сөзүнүн башында Сочи шаарына жакын жерде самолеттун  кыйроого учурашынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына, бүт Россия элине көңүл айтты. “Биз сиздердин аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз”,- деди Президент.

Евразия экономикалык биримдигинин ишине токтолуп, Мамлекет башчысы 2016-жыл Кыргыз Республикасынын бул биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болушу менен эсте калаарын белгиледи.

 «Көп өзгүрүүлөр болду: позитивдүү учурлар да, кемчиликтер да болду. Тилекке каршы, айрым учурларда терс көрүнүштөр басымдуулук кылып, Кыргызстан элинин өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушун кабылдоосуна тескери таасирин тийгизүүдө. Бул, албетте, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграцияланышынын экономикалык натыйжаларына да терс  таасир этүүдө», - деп, Алмазбек Атамбаев бышып жетилген маселелерди сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулоону сунуш кылды.

2016-жыл 26-декабрь