Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен “Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – айыл коомчулугуна киргендерге суу менен камсыздоонун, санитариянын жеткиликтүүлүгүн жана тейлөө сапатын жакшыртуу, суу менен камсыздоо жана санитария секторунда алуучулардын-керектөөчүлөрдүн дараметин чыңдоо.  

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу Ош, Чүй жана Ысык-Көл областтарындагы тандалып алынган айылдардагы иш-чараларга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 30-декабрь