Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

2010-жылы ЭВФтин директорлор кеңеши ЭВФ макулдашуусунун беренелерине карата өлкөлөрдүн квоталарын 2 эсеге көбөйтүү боюнча оңдоолорду (Resolution № 66-2) кабыл алган. Бул ЭВФтин инвестициялык ыйгарым укуктарын кеңейтүү менен алардын  дүйнөлүк экономикада өсүүчү ролун чагылдыруу үчүн рынок түзүлгөн өлкөлөрдүн  жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн пайдасына көбөйтүү жана мүчөлөрдүн квоталарын  кайра бөлүштүрүү боюнча ЭВФ жүргүзгөн реформа менен, ошондой эле ЭВФтин бардык мүчө өлкөлөрү тарабынан шайлануучу Аткаруучу кеңештин түзүмүнө тиешелүү реформа менен байланыштуу. Бул 1998-жылдан берки эң биринчи көлөмдүү көбөйүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 30-декабрь