Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШга катышкан мамлекеттердин жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты - жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууда Тараптардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн тартибин аныктайт.

Тараптардын ортосунда финансы маселелери боюнча келишимдиктерди ишке ашырууда пайда болгон кыйынчылыктарга байланыштуу, жогорудагы макулдашуунун 7-беренесинин жоболорун ишке ашыруу жана жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүүдө Тараптардын кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу менен байланышкан маселелерди толук жөнгө салуу максатында Макулдашууга Аткаруучу протоколдун долбоору демилгеленген, ал 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө жактырылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 30-декабрь