Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлери түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтөрүнүн башкаруу системасын реформалоо боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык жана өлкөнүн аскердик коопсуздугун андан ары бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлери түзүлдү.

Жарлыкка ылайык, КР КК Кургактагы аскерлеринин командачылыгы КР КК Генералдык штабына тике баш ийген, КР КК кургактагы аскер бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башкаруу органы болуп аныкталды.

КР КК Кургактагы аскерлеринин командачысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  Генералдык штабынын начальнигинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти - КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин командачысы болуп полковник Тердикбаев Эрлис  Жекшенович дайындалды.

2017-жыл 25-январь