Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Асман чабуулунан коргоо күчтөрүнүн командачысы дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтөрүнүн башкаруу системасын реформалоо боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Асман чабуулунан коргоо күчтөрүнүн командачылыгы авиациялык жана асман чабуулунан коргоо компоненттеринин КР КК Генералдык штабына тике баш ийген бирдиктүү башкаруу органы болуп аныкталды.

Асман чабуулунан коргоо күчтөрүнүн командачысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  Генералдык штабынын начальнигинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти - КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Асман чабуулунан коргоо күчтөрүнүн командачысы болуп полковник Айдаралиев Кылычбек Акимович дайындалды.

2017-жыл 25-январь