Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кулашынын кесепетинен курман болгондордун туугандары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-январда  Чүй облусунун  Сокулук районундагы Дача СУ конушунда «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кулашынын кесепетинен курман болгондордун туугандары менен жолукту.

Мамлекет башчысынын сунушу менен жолугушуу  авиакырсыктын кесепетинен курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерүү  менен башталды. Президент Алмазбек Атамбаев трагедияда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын дилинен көӊүл айтты. «Кыргызстандыктар үчүн орду толгус оор жоготуу болду – бүтүндөй үй-бүлөлөр, наристелер бөөдө ажал тапты. Баарыбыздын жүрөгүбүз тилинип турат. Мен дагы бир жолу баарыӊыздарга көӊүл айтам. Кайрат кылгыла. Силер жалгыз эмессиӊер, артыӊарда бүт Кыргызстан эли турат. Бул каргашаны ар бир кыргызстандык жеке башына түшкөн мүшкүлдөй, өз жакынынан ажырагандай кабыл алды», - деди Алмазбек Атамбаев.  

Жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге жардам берүү чаралары талкууланды.  Президент Алмазбек Атамбаев жабыр тарткандарын турак-жай маселелерин чечүү маанилүү экенин белгиледи. «Биз дүйнөлүк тажрыйбада каралган ченемдердин чегинде компенсация өндүрүүгө жетишибиз керек. Мамлекет жапа чеккендерге жардам берүү үчүн бюджеттик да, бюджеттик эмес да каражатты таап жатат жана таба берет. Ошондой эле Өкмөт жарандар менен юридикалык жактардан атайын эсепке түшүп жаткан акча каражаттарынын максаттуу жумшалышын камсыз кылууга тийиш. Бул каражаттар турак-жай менен камсыз кылуу жагына жумшалганы маанилүү милдет. Бул маселе трагедиянын алгачкы минуттарынан бери менин жеке көзөмөлүмдө турат», - деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушууда сүйлөгөн курман болгондордун туугандары (Мунур Эгембердиев, Рахат Сыдыков, Зарылбек Орозбаев, Элиза Кожоналиева, Зайырбек Солтокенов, Абдыманап Осмонов, Венера Шейшенова, Шерали Сатыбалдиев, Мырзабек Дөкөнов, Нурлан Саликов, Бурулкан Жумалиева, Шайырбек Калбеков, Нурбек Солтокенов, Тагайбек Чомуев, Айтбүбү Исабаева) алардын кайгысын теӊ бөлүшүп, колдоо көрсөтүп жана камкордукка алганы үчүн Кыргызстан элине, өлкө Президентине жана Өкмөтүнө ыраазылыгын билдиришти. Алар айрыкча турак-жай менен камсыз кылуу маселесин өз көзөмөлүнө алганы үчүн мамлекет башчысына ыраазы сөздөрүн айтышты.

Президент менен баарлашууда чыгымдар ордун толтуруу, дары-дармектер жана медициналык жардам менен камсыздоо, балдарды социалдык коргоо, алардын окуусуна кам көрүү, документтерин калыбына келтирүү сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Курман болгондордун ата-энелерин уккан соӊ Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик орган жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Мамлекет башчысы компенсация өндүрүү жана башка алардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча юридикалык колдоо чараларга өзгөчө басым жасады. 

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарды дарылоо жана ден соолугун калыбына келтирүү жагынан жардам берүүнү Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө көзөмөлүнө алыш зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, айрыкча ата-энесинен ажырап калган балдарга камкордук керек. «Бир да бала көӊүл сыртында, камкорсуз калбоого тийиш», - деди Алмазбек Атамбаев. Президент курман болгондордун туугандарына жардам берүү маселелерин тезинен чечүүнү жана аткарылып жаткан иштер тууралу такай маалымдап турууну тапшырды. 

Жолугушуу аягында Президент курман болгондорго атап куран окуду.

Жолугушууга биринчи вице-премьер-министр, авиация кырсыгынын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов жана Өкмөттүн сот өкүлчүлүгүнүн борборунун директору Тимур Шамбетов катышты.

2017-жыл 26-январь