Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарын немецтик-фашисттик баскынчылардан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуусу

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

Ардактуу блокадачы-мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарын немецтик-фашисттик баскынчылардан толук бошотулушунун 73 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул теңдешсиз каармандык жана Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдиги тарых барактарында түбөлүк сакталып калат.

Башка советтик элдердей эле Кыргызстандын даңктуу уулдары Ленинград үчүн болгон айыгышкан согушта эрдик көрсөтүштү. 4,5 миңден ашуун биздин мекендештерибиз курман болушту.

Кыргызстандыктар шаар курчоого кабылган эң оор айларда ленинграддыктарга азык-түлүк жана жылуу кийим-кечелерди жөнөтүп турушту. 1942-жылы эки жумага жетпеген мезгил аралыгында Ленинград шаарына азык-түлүк жана жылуу кийимдер жүктөлгөн 48 вагон жөнөтүлгөн.

Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында Кыргызстан согушуп жаткан советтик армиянын маанилүү тылы гана болбостон, республикада госпиталдардын жана балдар үйлөрүнүн кеңири кулач жайган системасы түзүлгөн. Мисалы, 1941-жылдын ноябрынан 1942-жылдын сентябрь айына чейинки мезгилде Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйлөрү Кыргызстанга эвакуацияланып, аларда 3438 бала жайгаштырылган.

Ошол каардуу жылдары кыргыз үй-бүлөлөрү көптөгөн балдарды өз перзенттериндей кабыл алышып, аларга башпаанек берген. Көпчүлүк учурда жергиликтүүлөр өз балдарынын үстүндөгү кийимин, бутундагы өтүгүн курчоодон келген балдарга беришкен. Ош облусунун жашоочулары Иминахун Ахмедов жана анын жубайы Майрамхан ар кыл улуттагы 15 баланы асырап алышкан. Ал эми өткөн жылы дүйнөдөн кайткан ысык-көлдүк Токтогон Алтыбасарова апабыз Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда Ленинград шаарынан эвакуацияланган150 баланын энеси болуп калган. 

Борбор шаарыбыз Бишкекте блокадачы-кыргызстандыктарга арналган уникалдуу мемориал орнотулган. Ал элибиздин согуш жылдарында курчоодо калган Ленинград шаарынын балдарын өз балдарындай багып өстүргөн кыргызстандыктардын улуу каармандыгына жана мээрмандыгына болгон сый-урматыбыздын символу болуп калды.

 Урматтуу блокадачы ардагерлер, сиздердин катарыңыздар жыл өткөн сайын суюлуп баратат. Бирок сиздердин кебелбес бийик рухуңар бар! Улуу акын Жамбыл жазгандай: “Силердин эрдигиңер тоолордой бийик жана түбөлүк”.

Ардактуу ардагерлер, ошол каардуу жана баатырдык мезгил жөнүндө эскерүүлөрдү жүрөк тереңинде сактап, коомубуздун турмушуна активдүү катышып, ошол улуу дөөлөтөөрдүн мисалында жаш муундарга тарбия-таалим берип келе жатканыңыздар үчүн сиздерге чексиз ыраазыбыз.

Сиздердин улуу эрдигиңиздер жана майтарылбас эркиңер  мындан ары да жаштарыбыз үчүн үлгү болуп кала  берет деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана узун өмүр каалайм!


Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                    А.Ш. Атамбаев”.

2017-жыл 27-январь