Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джаянт Кхобрагадени кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-январда  дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джаянт Кхобрагадени кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстандагы активдүү жана жемиштүү иши үчүн Элчиге ыраазычылык билдирип, ал иштеп турган учурда өлкөлөр ортосундагы мамилелер кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлгөнүн белгиледи. Президент Элчи Джаянт Кхобрагаденин буга кошкон жеке салымын баса белгиледи.

Жолугушууда кыргыз-индиялык эки тараптуу мамилелердин тереңдешине биринчи кезекте эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу өбөлгө болгону айтылды. Эки өлкө элдеринин маданий жана тарыхый байланыштарын, ошондой эле демократия принциптерин жактаганын эске алуу менен Кыргызстан менен Индия ортосундагы  кызматташтыкты мындан ары карай өркүндөтүүнүн зарылчылыгы белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев Элчи Джаянт Кхобрагадеге мындан аркы ишинде ийгилик каалады жана Индия Президенти Индии Пранаб Мукхерджи менен Индия Премьер-министри Нарендре Модиге салам жана жакшы тилектерин жолдоду.

2017-жыл 28-январь