Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-январда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жана жылытуу сезонунун өтүшү жөнүндө маалымат берилди.

Айбек Калиев Президентке Бишкек шаарындагы Жылуулук-электр борборун жаӊылоо иштери тууралу айтып берип жана Токтогул ГЭСин жаңылоого даярдоо иштерине токтолду.

Мындан тышкары Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы өлкөдө гидроэлектр станцияларды куруу жана жаңы кубаттуулуктарды киргизүү үчүн инвестицияларды тартуу чаралары тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн энергетика системасынын туруктуу ишин камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы энергетика тармагында ири долбоорлорду ишке ашырууга жана энергетика секторуна инвестицияларды тартуу иштерин жандантууга байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.  

2017-жыл 30-январь