Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Корея Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына байланыштуу бири- бирине телеграмма жөнөтүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана  Корея Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу  Хван Ге Ан өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына байланыштуу  бири- бирине телеграмма жөнөтүштү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында тарыхый өткөн кыска мезгил аралыгында өлкөлөр эки тараптуу мамилеллердин бардык негизги чөйрөлөрү боюнча, ошондой эле  эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдардын алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жолго коюуга жетишкени айтылат. Жыл өткөн сайын “Борбор Азия + Корея” Диалогу чыңдалууда.

«Кыргызстанда кыргыз-корея мамилелерин өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп жаткан Эл аралык кызматташтык боюнча Түштүк Корея  агентчилиги ийгиликтүү иштеп жатат. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасында демократияны жана парламентаризмди чыңдоого жана өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган реформаларды колдогондугу үчүн Корея тарапка терең ыраазы», - деп белгиленет телеграммада.

Мамлекет башчысы кыргыз-корея мамилелери мындан ары карай да салт болуп калган достук, өз ара түшүнүшүү жана эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда өнүгө берерине ишеним билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу  Хван Ге Анга бекем ден соолук, бакубатчылык, бак-таалай жана көп кырдуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиктерди, ал эми дос корей элине – тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Корея Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу  Хван Ге Ан Корея менен Кыргыз Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасында 1992-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери карай саясатты, социалдык жана маданий чөйрөлөрдү камтыган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

«2013-жылдагы Сиздин Кореяга визитиңиздин жүрүшүндө энергоресурстар жана транспорт чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн пландары талкууланды. Мен Сиздин иштеги кажыбаган аракетчилдигиңизди, анын ичинде  былтыр октябрь айындагы экономикалы кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын Экинчи отурумун өткөрүүгө кошкон зор салымыңызды жогору баалайм.

Быйыл өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгын жана корейлердин Борбор Азияга жер которуп келишинин 80 жылдыгын  белгилөө менен мен жалпы тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүгө жетишүү, ошондой эле достук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү мындан ары чыңдоо максатында өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан ары карай өнүгө берерине үмүттөнө туганымды билдирем», - деп белгиленет телеграммада.

Корея Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу  Хван Ге Ан Президент Алмазбек Атамбаевне ден соолук жана Кыргыз Республикасына гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2017-жыл 31-январь