Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Пакистан Премьер-министри Наваз Шариф ортосунда телефондук сүйлөшүү болду

31-январда Пакистан тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Наваз Шариф ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.

Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Пакистан Премьер-министри Наваз Шариф мындан тышкары эл аралык жана региондук күн тартибинин маанилүү аспектилери боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2017-жыл 1-февраль