Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1- февралда өлкө башкы прокурору  Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү ишинин негизги багыттары тууралуу маалымат алды.

Индира Жолдубаева Президентке ошондой эле ишкерлердин укуктарын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана экономикалык ишмердиктин эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш-чараларды жүзөгө ашыруу тууралуу баяндап берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын укуктарын коргоо жаатындагы прокуратура органдарынын иши ошондой эле мамлекеттик органдардын өз функцияларын жүзөгө ашырууга жоопкерчилик менен мамиле жасоосуна жетишүү керек экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы мыйзамдардын сакталышын көзмөлдөөнү мындан ары карай күчөтүү, ошондой эле мамлекеттин жана коом турмушунун баардык чөйрөлөрүндө жарандардын укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттерди так аткаруунун зарылчылыгын баса белгиледи.

2017-жыл 1-февраль