Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7- февралда өлкөнүн  транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Калыкбек Султанов да катышкан жолугушууда Мамлекет башчысы транспорт инфраструктураларын куруу боюнча бардык иштердин комплексин жүзөгө ашыруу, ошондой эле өлкөдө жол салуу жана аларды оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алды.

Жамшитбек Калилов Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад, Бишкек-Чолпон-Ата-Корумду, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Талас-Тараз-Суусамыр сыяктуу стратегиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы пландар, ошондой эле Бишкек-Кара-Балта автожолунун курулушун баштоого даярдыктар жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, өлкөнүн региондорундагы жергиликтүү маанидеги автожолдорду кармоо жана өнүктүрүү пландары тууралуу баяндалды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы бардык транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгилеп, Транспорт жана жолдор министрлигине курулуштун жана оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу менен быйылкы жылга карата пландалган бардык иштерди өз убагында аяктоону тапшырды.

2017-жыл 7-февраль