Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-февралда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына саламаттык сактоо системасындагы реформанын жүрүшү, жарандардын саламаттыгын чыӊдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кеӊейтүү иши, ошондой эле жугуштуу ооруларды алдын алуу чаралары тууралу маалымат берилди.

Саламаттык сактоо секторунда реформаларды улантуунун маанисин белгилөө менен Президент Алмазбек Атамбаев бул системадагы коррупция менен күрөшүү чараларын күчөтүү зарылдыгына министрдин көӊүлүн бурду. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, жүргүзүлүп жаткан реформалар калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга жана коррупцияны жоюуга багытталууга тийиш.

Андан тышкары министр 2017-жылы 16-январда Дача-СУ конушунда болгон жүк ташуучу учактын кулашынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарды дарылоо жана ден соолугун калыбына келтирүү боюнча жардамдар тууралу Президентке айтып берди.

Талантбек Батыралиев өлкөдө ири медициналык мекемелердин курулушунун жүрүшү, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырууда чет жердик өнөктөр менен кызматташуунун алдыдагы пландары жөнүндө баяндады.  

2017-жыл 8-февраль