Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көчкүдөн жана Ооганстандын ар кайсы аймактарындагы жаратылыш кырсыктарынан улам көп адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу Ооганстан Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты.
Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тезирек сакайып кетишин тилей турганын билдирди.