Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-февралда өлкө Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, алардын күжүрмөн даярдыгын жана ыкчамдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Раимберди Дүйшөнбиев  ошондой эле өлкө Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоонун жүрүшү жөнүндө да Президентке кеңири баяндап берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдү реформалоо менен бирге аскер жетекчилиги аскердик тартипти чыңдоого жана коррупцияны жоюуга өзгөчө көңүл буруусу зарыл экенин баса белгиледи.

2017-жыл 9-февраль