Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-февралда айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына жазгы-талаа иштерине даярдыктар, айыл чарба тармагында жаңы сугат жерлерди ишке киргизүү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу  тууралу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев арзан кредиттерди жана лизингдик программаларды берүү аркылуу айыл чарбасын колдоо механизмдерин натыйжалуу колдонуунун маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү жана өткөрүү иш чараларын өз маалында жана натыйжалуу  ишке ашыруу боюнча так тапшырмаларды берди. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча милдеттерди сапаттуу аткарууга көӊүл бурду.   

2017-жыл 10-февраль