Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-февралда өлкө тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигинин күндөлүк иши, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатын жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштердин негизги багыттары жөнүндө кеңири маалымат алды.

Эрлан Абдылдаев ошондой эле алдыда боло турган тышкы саясат иш-чараларын даярдоонун жүрүшү тууралуу да Президентке баяндап берди.

Андан тышкары, жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Эрлан Абдылдаев өлкө тышкы саясатынын артыкчылыктуу чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча иштин негизги багыттарын, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен эл аралык уюмдардын алкагындагы ишти активдештирүү маселелерин талкуулашты.

2017-жыл 11-февраль