Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев анын чет өлкөдөгү мүлкү тууралуу Ө.Текебаевдин билдирүүлөрүн текшерип чыгып, мыйзамда каралган чараларды көрүүнү Башкы прокуратурага тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин Кипрден Мамлекет башчысынын мүлкү боюнча материалдарды “тапканы” тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөрүн текшерип чыгып, мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаевага тапшырды.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Президентти жана коомчулукту маалымдоого тийиш.

2017-жыл 13-февраль