Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-февралда Бельгия Королдугуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар маселелердин кеңири спектри боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү келишимдерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.