Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Джордж Сорос менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 17-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына жумушчу сапарынын алкагында Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Джордж Сорос менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандагы “Сорос” фондусунун ишине байланыштуу маселелер, анын ичинде маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү реформаларды колдоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды.

2017-жыл 18-февраль