Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына иш сапарынын алкагында Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-германдык мамилелердин маанилүү маселелери, конкреттүү келишимдердин аткарылышы, соода-экономикалык, инвестициялык жана банк чөйрөлөрүндө кызматтыштыкты андан ары жандантуу, саясый диалогду бекемдөө перспективалары талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Федералдык канцлерге «Курманжан Датка» ордени менен кошо өткөн жылы Ангела Меркелдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча фотоальбомду тапшырды. Өз кезегинде Ангела Меркель бул жогорку сыйлык үчүн ыраазылыгын айтып, өзүнүн Кыргыз Республикасына визитин жылуу сезим менен эскерерин билдирди.

2017-жыл 18-февраль