Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына иш сапарынын алкагында

Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолукту.

Жолугушуу башында Мамлекет башчысы Антониу Гутеррешти БУУнун Башкы катчысы болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Андан кийин Кыргызстан менен БУУ системасы ортосунда кызматташтык маселелери, ошондой эле өз ара аракеттенүүлөрдүн келечеги талкууланды.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш маектешүү маалында КРга визиттери тууралу жылуу эскерүүлөрүн белгиледи.

2017-жыл 18-февраль