Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелди «Курманжан Датка» ордени менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына иш сапарынын алкагында Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту.

Жолугушуу башында Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелге кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана КР менен ГФР ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө байланыштуу «Курманжан Датка» орденин тапшырды.

2017-жыл 18-февраль