Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кар көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда Ош облусунун Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда кар көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө табигый кырсыктан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

2017-жыл 20-февраль