Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий визит менен келет

2017-жылдын 28-февралында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий визит менен келет.

Визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. Анда  кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин бардык спектри, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кызматташуунун бүтүндөй комплекси боюнча, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланат.

 

2017-жыл 22-февраль