Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Россия Президенти Владимир Путин менен жолугушуусунун расмий аземи болду

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөгө расмий  сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушуусунун расмий аземи болду.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки Президенттин жолугушуусунун расмий аземинен кийин ардактуу кароол менен учурашып, эки өлкөнүн өкүлдөрү менен таанышкан соң Мамлекеттердин башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр өтө турган бөлмөнү көздөй бет алышты.

2017-жыл 28-февраль