Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюлду

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 28-февралда эки тараптуу кыргыз-россиялык документерге кол коюу аземи болуп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Россия Президенти Владимир Путиндин катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана РФ Президенти Владимир Путиндин Биргелешкен билдирүүсү;

- Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө 2015-жылдын 31-мартындагы КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

- КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адам эсенчилигин сактоо чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын ортосундагы инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум .

2017-жыл 28-февраль