Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жана Россия Президенти Владимир Путин биргелешкен басма сөз конференциясын беришти

Тар жана кеңири курамдардагы сүйлөшүүлөр аяктаган соң Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана өлкөгө расмий  сапар менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин биргелешкен басма сөз конференциясын беришти.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапары – бул маанилүү окуя экенин баса белгиледи.

«Бул сапар эки өлкө ортосундагы мамилелердин орнотулушунун 25 жылдык юбилейинин алдында өтүп жатат. Бул дата быйыл 20-мартта белгиленет. Бүгүн тар жана кеңири курамдардагы жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык спектри талкууланды. Бардык маселелер боюнча биз толук өз ара түшүнүшүү таптык. Экономика, коопсуздук, аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү маселелер, анан, албетте, Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык маселелер талкууланды. Биз башка маселелер боюнча да, анын ичинде эл аралык мамилелер боюнча да пикир алмаштык. Эл аралык маселелерде биздин өлкөлөрдүн позициялары толук дал келет, же болбосо өтө жакын. Биз мурда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүн да талкууладык. Мени жана кыргыз өкүлчүлүгүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары толук канааттандырат. Бул үчүн россиялык өкүлдөргө ыраазычылык билдиребиз», - деп, Мамлекет башчысы жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлганын белгиледи.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келгени жана көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Россия Президентине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путин Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөр мурда калыптанып калган салт боюнча ишкердүү жана конструктивдүү кырдаалда өткөнүн баса белгиледи. «Биз өз ара аракеттешүүнүн жана кызматташтыктын бүт комплексин кылдат талкууладык, болочокто биздин өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү боюнча ачык-айкын пландарды белгиледик.  Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү экенин адегенде эле баса белгилеп койгум келет. Бизди мезгил сыноосунан өткөн достук жана чыныгы союздаштык байланыштар бириктирип турат, - деди Владимир Путин. – Биздин өлкөлөр көп тармактуу жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулушат. Биз бүгүнкү күндүн кыйынчылыктарын, сооданын басаңдоосун биргелешип жеңип, бул милдеттерди чечүү үчүн ачык-айкын чаралардын комплексин иштеп чыгууга даярбыз.  Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү берген артыкчылыктарды мүмкүн болушунча толугураак пайдаланууну шартташтык. Бажылык, санитардык жана фитосанитардык тоскоолдуктарды алып таштоо соодада да, өнөр жайында жана айыл чарбасында да тыгыз интеграциялык байланыштарды түзүүгө көмөк болушу керек», - деди Владимир Путин.

Россия Президенти бул артыкчылыктарды натыйжалуу пайдалануу менен Кыргызстан өткөн жылы жакшы жыйынтыктарга жетишкенин белгиледи.  «Ички дүң продукция 3 пайыздан ашыкка, ал эми өнөр жайы 4 пайыздан ашыкка өстү. Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ыңгайлашуу процессинде Россия Кыргызстанга активдүү жардам берүүдө. Бажы инфраструктурасынын объектилерин модернизациялоо жана чек ара пункттарын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга суммасы 200 миллион долларлык жардам берилди.

Эки тараптуу өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Уставдык каптиталы 500 миллион АКШ долларлык бул уникалдуу каражат 2014-жылы түзүлгөн. Россия Кыргызстанга бюджетти турукташтыруу максатында көмөк көрсөтүп келет», - деди Владимир Путин.

Биргелешкен  басма сөз конференциясы учурунда Президент Алмазбек Атамбаев  жана Россия Президенти Владимир Путин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

2017-жыл 28-февраль