Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жана Франциянын Президенттери эки өлкө ортосундагы дипломаттык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Француз Республикасынын Президенти Франсуа Олланд эки өлкө ортосундагы дипломаттык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти.
«Кыргыз Республикасы менен Француз Республикасынын ортосундагы дипломаттык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу чын ыкластан куттуктоомду кабыл алыӊыз. Өткөн мезгилде достуктун, өз ара урматташуунун жана ишенимдин бекем пайдубалына негизделген эки тараптуу өнөктөштүктүн жогорку деӊгээлине жетишилди. Демократиялык өзгөрүүлөрдү жасоо жана рынок мамилелерин өнүктүрүү боюнча биздин аракеттерибизге колдоо көргөзгөнү үчүн Франциянын өкмөтүнө жана элине ыраазыбыз», - деп айтылат Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.
Мамлекет башчысы 2016-жылы Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө француз өнөктөштөрдүн салымын өзгөчө белгиледи, ал оюндар ар кайсы өлкөлөрдүн салттары менен маданиятын даӊазалоо үчүн глобалдык аянт болуп калды.
«Кыргызстан инвестициялык, финансы-техникалык жана маданий кызматташтыкты мындан дагы кеӊейтүүгө, биздин өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрү арасында тикелей байланыштарды жана өз ара жемиштүү аракеттенүүлөрдү тереӊдетүүгө кызыкдар», - деп белгиленет катта.
Президент Алмазбек Атамбаев Президент Франсуа Олландга бакыбаттык, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми дос француз элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.
Француз Президенти өз телеграммасында 25 жыл бою Франция Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен эгемендигин толук жактап келатканын белгиледи. «Биздин өлкөлөр арасындагы байланыштар саясый, экономикалык жана маданий тармактарда өнүгүп жатат. Мен Сиздин өлкөдө француз-кыргыз ишканаларынын түзүлүшүн колдойм, ал Франция менен мындан да тыгыз байланыштарга жол ачат», - деп айтылат катта.
Франсуа Олланддын сөзү боюнча, Кыргызстандын экономикалык жана социалдык прогресске жетишин колдоо, ошондой эле региондогу коопсуздук маселелери биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын негизин түзүүгө тийиш.

2017-жыл 3-март