Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчиси, БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы КРнын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев КРнын Лихтенштейн Княздыгындагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Мукашев Данияр Муратбекович Женева шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. 

2017-жыл 3-март