Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин жыйналышы болду

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 10-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин X жыйналышы болду.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча жыйналышты анын кеңешчиси Фарид Ниязов ачты.

Фарид Ниязов жыйналыштын биринчи баскычынын алкагында 22-февралда судьялык кызматка талапкерлерди талдоо процедураларын жакшыртууга багытталган, судьялык кызматка талапкерлерди сапаттуураак окутууга көмөк болуучу, ошондой эле судьялар Кеңешинин алдында тартип комиссиясын түзүүгө байланыштуу жаңы конституциялык ченемдерди ишке ашырууну караган мыйзам долбоорлору талкууланганын эске салды.

Кеңештин бүгүнкү жыйналышында Стратегиялык изилдөөлөр институнун өкүлү, укук үстөмдүгү индексин иштеп чыгуу боюнча иш тобунун мүчөсү Эльнура Омуркулова-Озерска Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү боюнча кырдаалды пилоттук изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырды.

Андан соң сот реформасы боюнча Кеңештин мүчөлөрү мурда тааныштырылган мыйзам долбоорлорун талкуулоону улантышты.

Жыйналыштын жүрүшүндө сот бийлигинин көз карандысыздыгын, ошондой эле судьялардын шайкеш жоопкерчилигин камсыз кылуунун, укук үстөмдүгүн бекемдөөнүн жана коррупцияга каршы туруунун маанилүү экендиги белгиленди.

Мамлекет башчысынын кеңешчиси Фарид Ниязов аткарылган иш үчүн жыйналыштын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча сот реформасы боюнча Кеңештин жыйналышында айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорлорун толуктап иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.

2017-жыл 10-март