Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде Апрель окуясында курман болгондорду эскерди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде Апрель окуясында курман болгон баатырлардын мүрзөсүндөгү монумент тактага гүлчамбар коюу менен аларды эскерди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Элдик Апрель революциясынын баатырларынын мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшту.

«Ата-Бейит» эстеликтер комплексинде маркумдарга атап, куран окулду.

Иш чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын  Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын  башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

2017-жыл 7-апрель