Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

14-апрелде Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу болот

2017-жылы  14-апрелде Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу болот.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Биримдиктин алкагында экономикалык өз ара аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелери, андан тышкары эл аралык кызматташтыктын жана Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереӊдетүү маселелери талкууланат. 

Ошондой эле мамлекет башчылары  Молдова Республикасынын  Евразиялык экономикалык биримдиктин алдында ага байкоочу мамлекеттин статусун берүү тууралу кайрылуусун карашат.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны  быйыл Кыргыз Республикасынын  Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалыгынын алкагында өтмөкчү. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин сунушу боюнча 2017-жыл Евразия мейкиндигинде бизнестин өнүгүшүнө эң жагымдуу шарттарды түзүүгө арналат.

Жыйынга  Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, ошондой эле Молдова Республикасынын президенттери катышат.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусунда уюмду андан ары өнүктүрүү, андан тышкары региондук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланат.

Жолугушууга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын президенттери катышмакчы.

2017-жыл 12-апрель