Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Арстанбап айылында жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды.

Андан тышкары Мамлекет башчысы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарды дарылоо жана сакайтуу жагын өзгөчө көзөмөлүнө алууну тапшырды.

2017-жыл 24-апрель