Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 72 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкөнүн бардык жарандарын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 72 жылдыгы менен куттуктады.

«Кан майданда каармандыгы жана ооруктагы кажыбас эмгеги менен Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп калгандардын эстелигин түбөлүк сактайбыз.

Биздин ата-бабалар осуят кылып калтырган бир тууган достук жана өз ара жардамдашуу салттары мындан ары да орус-кыргыз биримдигине жана стратегиялык өнөктөштүгүнө кызмат кылат деп ишенем», - деп белгиленет Владимир Путиндин катында.

Россия Президенти Кыргызстанда жашаган ардагерлерге тереӊ ыраазылыгын билдирип, бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык каалады.


2017-жыл 6-май