Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын жана Болгариянын Президенттери эки өлкө ортосундагы дипломатиялык катыштардын орношунун 25 жылдыгына байланыштуу өз ара куттуктоо кат алышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Болгария Республикасынын Президенти Румен Радев эки өлкө ортосундагы дипломатиялык катыштардын орношунун 25 жылдыгына байланыштуу өз ара куттуктоо кат алышты.

Президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо телеграммасында эки өлкө ортосундагы саясый байланыштардын, экономикалык жана маданий-билим берүү кызматташтыгынын  андан ары жанданышына үмүт артарын билдирип, Румен Радевдин мамлекеттик ишине ийгиликтер менен бакубаттыкты, ал эми дос болгар элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.

Болгария Президентинин катында 1992-жылы 20-майда Москвада кол коюлган  Протокол өз ара урматташууга, теӊ укуктуулукка жана гуманизм менен демократия принциптерине негизделген мамлекеттер аралык кызматташтыкка жол ачканын белгиледи.

«Өткөн чейрек кылымда бул кызматташтык эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн азыркыга чейин ишке ашырылган  визиттери менен жолугушууларында мааниси айкын көрүнгөнүн канааттануу менен белгилейм. Жакында Мюнхендеги жолугушуу Болгария Республикасы менен Кыргыз Республикасы бири бирин өз аймактары – Түштүк-Чыгыш Европада жана Борбор Азияда тынчыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча окшош кызыкчылыктары бар салттуу жакшы өнөктөр катары кабыл аларынын далили болуп калды.

Бул мааниден алганда трансулуттук коркунучтар менен күрөшкө жана Борбор Азияда конструктивдүү мамлекеттер аралык кызматташтыкты орнотууга карата Сиз жетектеген мамлекеттин күч-аракеттерине мен болгар тараптын  урмат-сыйын күбөлөндүргүм келет. Сиздин өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолун бекемдөө максатында эки тараптуу да, Борбор Азия үчүн Европа Биримдигинин стратегиясын болгар тараптан колдоосун ырастоого ыракым этиӊиз. 

Жыйырма сегиз жыл мурда Болгария Республикасы да демократиялык өзгөрүүлөрдүн татаал жолун тандаган, ошондуктан өз тажрыйбасы менен билимдерин сиздер менен бөлүшүүгө даяр өнөк бар деп ишенсеӊиз болот», - деп белгиленет катта.

Президент Румен Радев Президент Алмазбек Атамбаевдин ишине ийгиликтерди жана Кыргыз Республикасынын элине гүлдөп өсүүнү каалады.

2017-жыл 20-май