Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-майда  Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы муфтий аркылуу өлкөнүн бардык мусулмандарын ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев жана мусульмандар муфтийи Максат ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын Диний башкармалыгынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Андан тышкары, жолугушууда пайда болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу жана өлкө биримдигин бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

2017-жыл 26-май