Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент А.Атамбаев Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө Айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жөнүндө мыйзамды жакшыртууну сунуш кылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамды жакшыртууну сунуш кылды. Мамлекет башчысы макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу менен Мыйзамды  парламентке кайтарды.

Кабыл алынган Мыйзамда “өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, канаттуулар чарбачылыгы, балчылык, балыкчылыкпродукциялары жана аны кайра иштетүү жаатындагы айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттөө жылдык үстөгү 7 пайыздан ашпаган жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат деп” каралган. Жеңилдетилген кредиттөө механизмдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары – Өкмөт) иштеп чыгат.

 Президент А.Атамбаев мыйзам долбоорунун демилгечилерин колдойт, 2011-жылдан берки айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик саясатты улантууну көздөгөн Мыйзамдын позитивдүү багытын белгилейт. Бирок бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жанаушул кезде ишке ашырылып жаткан айыл чарбасын колдоо программаларынэске алуу менен депутаттар кабыл алган Мыйзамдын туюндурмасы толуктап иштеп чыгууну талап кылат.

 Мамлекет башчысынын каршы пикиринде мындай деп айтылат:

Биринчиден, бул Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү 2019-жылы аяктоого тийиш болгон жана ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары аныкталган өкмөттүк жеңилдетилген кредиттөө программаны эске албайт.

2011-жылдан баштап Өкмөт айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттөөнүн көлөмүн арттыруу боюнча иш жүргүзүп жатат. Эгерде 2011-жылы берилген жеңилдетилген насыялардын суммасы 565,09 млн сом болсо, 2013-жылы  -  3171,35 млн сом, ал эми 2016-жылы – 4832,50 млн сом болгон. Азыркы кезде болсо, Өкмөт “Айыл чарбасын насыялоо – 5” программасын ишке ашырууда, анын алкагында мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактары үчүн жылдык үстөгү 10 пайыздык, экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү, ошондой эле агропродукцияларын кайра иштетүү жана жеткире иштеп чыгуу тармагы үчүн - 6% пайыздык жеңилдетилген кредиттер берилип жатат. Жогоруда аталган Мыйзамда көрсөтүлгөн айыл чарба жана балыкчылык өндүрүшүн жеңилдетилген кредит менен камсыз кылуу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча коюлган максатты Мыйзамсыз эле Өкмөт ишке ашырып жатат.

 Экинчиден, кабыл алынган Мыйзам өлкө бюджетинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пикирин эске албайт жана төмөнкүлөрдү талап кылат:

 - же үстүбүздөгү 2017-жылы, башкача айтканда, кабыл алынган Мыйзам күчүнө кирген учурдан баштап 7 % коюм белгиленгендиктен жеңилдетилген кредиттерди Өкмөт тарабынан субсидиялоону олуттуу көбөйтүү үчүн бюджетте кошумча олуттуу суммадагы финансы каражаттарын издеп табууну;

- же жеңилдетилген кредиттөөнүн көлөмүн кескин кыскартууну, башкача айтканда, кредит алуучулардын санын кыскартууну.

 Алсак, Өкмөттүн корутундусу боюнча, коммерциялык банктар жана АФКМ жеңилдетилген пайыздык коюмдар боюнча кредиттерди жылына 10 % менен жайгаштыргандыгы үчүн Өкмөт коммерциялык банктардын жана АФКМдин чыгымдарын пайыздык коюмдардын айырмасын субсидиялоо аркылуу жабат, ал орто өлчөнгөн 21% пайыздык коюмда (айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2015-жылы берилген кредиттер боюнча) жылдык 11%ды түзөт.

Коюм жылдык 7% өлчөмдө белгиленип, орто өлчөнгөн пайыздык коюм 21% болгон деңгээл сакталган учурда субсидиялардын өлчөмүн жылдык 14%га чейин көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгат. Мында орто өлчөнгөн пайыздык коюм көбөйгөн учурда, субсидиялардын пайыздык коюмунун өлчөмү да көбөйөт.

 Бул милдеттенме кредиттөө көлөмүнүн азайышына алып келет, ал өз кезегинде кредит алуучулардын санын азайтат. Буга жол бербөө үчүн мамлекет жеңилдетилген кредиттерди субсидиялоого жумшалуучу бюджеттик каражаттарды көбөйтүшү керек.

 Ошол эле учурда Конституцияга ылайык, мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин кабыл алынышы мүмкүн. Бирок Жогорку Кеңеш Өкмөттүн тийиштүү корутундусун албастан эле Мыйзамды долбоорун жактырган,Бул жагдай олуттуу тынчсызданууну жана адилеттүү нааразычылыкты жаратат.

 Үчүнчүдөн, жеңилдетилген кредиттөөнүн кеңири чөйрөсү – өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, канаттуулар чарбасы, балчылык, балыкчылык продукциясы жана аны кайра иштетүү негизсиз эле алдын ала белгиленип калгандыктан, кабыл алынган Мыйзам Өкмөттү айыл чарбасынын жана тамак азыктарын өндүрүүнүн тигил же бул багыттарын өнүктүрүүдө мамлекттик саясаттын артыкчылыктарын өз алдынча аныктоо, ошондой эле ички жана тышкы рынокто коньюктураны эске алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратат.

Кабыл алынган Мыйзам жеңилдетилген кредиттөөнүн көлөмүн бир кыйла төмөндөтөт (Өкмөттүн пикири боюнча, субсидияланган кредиттин көлөмү өлкө бюджетинин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу 720,4 млн сомго азаят).

 Мына ушуга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев финансылык жана инвестициялык саясатты камсыз кылуу, экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, рыноктун болжолдорун эске алуу менен оперативдүү түрдө жеңилдетилген кредиттөөнүн артыкчылыктарын тандоо жана/же өзгөртүү мүмкүндүгү чөйрөсүндөгү Өкмөттүн конституциялык ыйгарым укуктарын эске алган, ошондой эле каралып жаткан Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн азыркы мезгилде айыл чарбасын каржылоо боюнча ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар аяктаганга жана каржылоонун кошумча булактары табылганга чейин кыйлага узартууну караган кыйла ийкемдүү баяндоолорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөт менен бирдикте иштеп чыгуусун максатка ылайыктуу деп эсептейт.

2017-жыл 26-май