Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда  кабыл алынган.

Бул долбоордун максаты жаратылыш кырсыктарынын тобокелчилигин азайтуу жана  сел, таш кулоо, жер көчкү сыяктуу өзгөчө кырдаалдарды жоюу, ошондой эле жол тармагын сактоо болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 27-июль