Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркөндөтүү» долбоору боюнча Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркөндөтүү» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркөндөтүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда  кабыл алынган.

Бул Гранттык макулдашуунун максаты   Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин  жол-курулуш техникасын орто жана капиталдык ремонттон өткөрүү  үчүн  мастерскойлорду түзүү болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 27-июль