Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдулазиз Аль-Сауд Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдулазиз Аль-Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаевди жана  Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Өлкөңүздөрдүн Эгемендүүлүгүнө  байланыштуу Сауд Аравиясынын Королдугунун элинин, Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерге   куттуктоолорумду  жана ден соолук, бакыт-таалай тууралуу эң жакшы каалоолорумду, боордош  Кыргызстан элине  кыйшаюусуз прогресс жана гүлдөп өнүгүү кааларымды зор канааттануу менен жолдойм”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2017-жыл 31-август