Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Тажикстан  Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаевди жана  Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз ара урамттого жана жакшы коңшулаштыкка негизденген тажик-кыргыз достуктун жана көп пландуу кызматташуунун  мамилелери  эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына ылайык  мындан ары дагы өнүгө берет деген ишенимди билдирем.

Урматтуу  Алмазбек Шаршенович, Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана Кыргызстандын мындан ары да гүлдөп өнүгүшү үчүн жаңы жетишкендиктерди, ал эми боордош элге – тынчтык, бакубатчылык жана прогресс каалайм”,- деп белгиленет Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

2017-жыл 31-август