Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга  Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаевди жана  Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Монгол элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан  Сизди, Улуу урматтуу Президент мырза жана  достук мамиледеги кыргыз элин  Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 26 жылдыгы менен  чын дилимден куттуктайм.

Эки элдин жыргалчылыгы үчүн Монголия менен Кыргызстандын ортосунда достук мамилелерди   жана кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана өнүктүрүү ишинде Улуу урматтуу, Сиз менен кызматташууга мен куштармын.

Жагдайдан пайдаланып, Сизге  ден соолук жана бардык жакшылыктарды, достук мамиледеги кыргыз элине – гүлдөп өнүгүү каалайм”,- деп белгиленет Монголиянын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2017-жыл 31-август