Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Улуттук майрам – Өзбекстан Республикасынын  Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Сиздин келишиңиз менен элдерибиздин ортосундагы кылымдар бою калыптанган достук жана жакшы коңшулаштык байланыштарга  жаңыча  дем берилгенин  терең канааттануу менен белгилейм. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу  мындан ары дагы  жаңы  багыттарды камтып, мазмуну  улам тереңдей берет деп ишенем”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Шавкат Мирзиёевке чың ден соолук, эсенчилик, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине – тынчтык, жакшылыктарды жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2017-жыл 1-сентябрь