Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек  Атамбаевди жана  Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу эң жылуу куттуктоолорумду билдирүүгө абдан кубанычтамын.

Биз улуу убадалардын мезгилин, ошону менен  бирге  терең ишенимсиздикти баштан кечирип жатабыз.  Мен жылды  дүйнөдө тынчтыкка чакыруу менен  баштагам.  Адамзаттын  үй-бүлөсү катары биз умтулган   –  ар намыс жана адилеттик, прогресс жана гүлдөп өнүгүү тынчтыкка байланыштуу. Бул баалуулуктар Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекемделген жана  бизди бириктирип турат.

Сиздердин  майрамды белгилеп жатып, ошону менен бирге  бардык дүйнөдө бөлүнүү, түрдүүлүк  болуп жатканда БУУ жалпы ишибизди  чыңдап жана жалпы адамкерчилигибизди ырастап жаткандыгын моюнга алам.

Бул өзгөчө күндү белгилеген сайын   мен кыйла күчтүү Бириккен Улуттар Уюмун түзүү жана тынчтыкты, өнүгүүнү жана бардыгы үчүн адам укуктарын камсыз кылуу боюнча биргелешкен күч аракетибизди  активдештирип,  сиздердин өлкө активдүү катышат жана  салым кошот деп ишенем.

Улуу урматтуу, Сизди терең урматтоомду  кабыл алып коюңуз”,-деп белгиленет Антониу Гуттерештин куттуктоосунда.

2017-жыл 31-август