Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана  Кыргызстан элин  Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Дүйнө мусулмандарынын кубанычтуу ушул күнү Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми Сиздин өлкөңүздүн боордош элине  - тынчтык жана ынтымак, прогресс жана мындан аркы өнүгүү калайм. Жагдайдан пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы   достуктун жана көп пландуу өз ара пайдалуу кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары дагы элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарынын чегинде өнүгө берет деген ишенимди билдирип кетем ”,- деп белгиленет Тажикстандын Президентинин куттуктоосунда.

2017-жыл 1-сентябрь