Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана  Кыргызстандын элин  Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Салттуу достук, жакшы коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташуунун калыптанган мамилелерин  биргелешкен аракеттер менен мында ары өнүктүрүүнү камсыз кылабыз жана аларды сапаттык жаңы деңгээлге алып чыгабыз деп терең  ишенем”,- деп белгиленет Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевге узун өмүр, чың ден соолук, ал эми боордош  Кыргызстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана мындан ары гүлдөп өнүгүү каалады.

2017-жыл 1-сентябрь